Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Айтматов проспектисинде жайгашкан эмерек дүкөнү өрттөндү


Өрт чыккан эмерек дүкөнү. 2-февраль, 2019-жыл.
Өрт чыккан эмерек дүкөнү. 2-февраль, 2019-жыл.

Чыңгыз Айтматов проспектиси №21 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан үй эмеректерин саткан дүкөн өрттөндү. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова тастыктады.

Анын айтымында, аталган даректе өрт чыкканы тууралуу маалымат 2-февралда саат 9дан өтүп түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Азырынча өрт эмнеден улам чыкканы, жабыркандар жана материалдык чыгым тууралуу маалымат жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG