Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Өзгөндө 14 жаштагы кыз өз атасынан боюнда болуп калган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз өз атасынан боюнда болуп калган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

- Кыздын атасы психикалык жактан ооруйт экен. Апасы болсо 2013-жылы оорудан улам каза болуп калыптыр. Азыр кыз менен социалдык кызматкерлер иштеп, дарыгерлер карап жатат, - деди Ашырбаев.

Окуучу кыздын атасы 20-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкелери тарабынан кармалып, камакка алынган. Кыз болсо учурда Өзгөн районунда. Тергөө иштери уланууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG