“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.
3-февралда Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот.