Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы партиянын съездин өткөрүүгө камынууда


"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын Октябрь райондук жыйыны. 20-декабрь, 2018-жыл.
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын Октябрь райондук жыйыны. 20-декабрь, 2018-жыл.

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы бүгүн, 2-февралда борбордо партиянын кезексиз конференциясын өткөрүп, Бишкек шаары боюнча жаңы координаторду шайлады. Бул тууралуу кыймылдын лидери Сагынбек Абдрахманов кабарлады.

Ал жыйында жакында боло турган партиянын кезексиз съездине 80 делегат шайланганын айтып, бирок съезддин так датасы аныктала электигин билдирди.

Өзүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн" деп атаган Сагынбек Абдрахманов Бишкектин бир катар райондорунда жана облустарда "Атамбаевсиз КСДП" деген ураан менен жыйындарды уюштурган.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кыймыл КСДПны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, артында азыркы бийликтин өкүлдөрү турарын жана Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылганын айтып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG