Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Өзбекстанда камактагы мурдагы башкы прокурор ооруканага түштү


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып, Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров абактагы ооруканага которулганын кабарлады.

Кадыровдун тааныштарынын бири анын ден соолугу начарлаганын жана күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн ал отурган камерага камактагы үч адам киргизилгенин айтып берген.

Рашид Кадыровдун үстүнөн алгачкы сот жараяны 7-январда, Ташкенттин Юнусабад райондук сотунда жабык өткөн. Ал “кызматынан кыянат пайдаланган”, “опузалап акча талап кылган”, “пара алган” деп айыпталууда.

Былтыр июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кадыровдун кылмыш ишинин алкагында 24 киши камакка алынганын, алардын көпчүлүгү прокуратуранын мурдагы кызматкерлери экенин жарыялаган.

66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген. Ал 2015-жылдын апрелинде, мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда эле кызматтан бошотулуп, былтыр 22-февралда камакка алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG