Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Венесуэланын генералы оппозиция лидери Хуан Гуайдону президент катары тааныды


Франсиско Яньес.
Франсиско Яньес.

Венесуэланын аскер-аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Яньес оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн "мыйзамдуу президенти" деп тааныды. Ал мындай кадамга барган биринчи генерал болуп калды. Яньес мамлекет башчысы Николас Мадуронун легитимдүүлүгүн четке каккан. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады.

2-февралда тараган видеодо генерал башка аскер адамдарын да Гуайдо тарапка өтүүгө чакырган. «Мен Куралдуу күчтөрдүн 90 пайызы диктатор менен эмес, Венесуэланын эли менен экенин билем» деди Франсиско Яньес.

Буга чейин оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн «легитимдүү президенти» деп тааныган жалгыз аскер адамы Венесуэланын Вашингтондогу аскер атташеси, полковник Хосе Луис Силва болгон.

2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликти колуна алган Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган.

Ал эми 23-январда Улуттук Ассамблеянын спикери, 35 жаштагы саясатчы Хуан Гуайдо миңдеген элдин алдында өзүн “убактылуу президент” деп жарыялаган.

АКШнын вице-президенти Майк Пенстин 1-февралда айтканына караганда, ушул күнгө чейин Гуайдону 20дай мамлекет президент катары тааныды.

Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан башка Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор кабыл алды. Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес 1-февралда “Мадуронун убакыт-сааты келип калды” деп билдирди.

Ошол эле кезде Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү негизги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери президент Николас Мадурону колдоп жатат. Мадуро Орусиянын "РИА Новости" агенттиги менен болгон маегинде президент Владимир Путин ага “ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканын” айткан.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасын издеген 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG