Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын алды


Мээрим Жуманазарованын "Инстаграм" баракчасынан алынган сүрөт.

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды.

1-февралда Ницце шаарында башталган турнирдин биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында медалдар ойнотулду.

76 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күч сынашты. Жыйынтыгында эки кыргызстандык спортчу финалга чыгып, Мээрим Жуманазарова жеңүүчү болду. Ал эми Айпери Медет кызы күмүш медалга татыды.

Ушул эле мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде жеңүүчү болгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG