Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Мадуро Венесуэлада кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады


Николас Мадуро. 2-февраль, 2019-жыл.
Николас Мадуро. 2-февраль, 2019-жыл.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдө парламенттик шайлоону буга чейин мерчемделгендей кийинки жылы эмес, быйыл өткөрүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 2-февралда тарапташтары менен жолуккан учурда жарыялады.

Мадуро президенттин көзөмөлү алдындагы Конституциялык ассамблея Улуттук Ассамблеянын (парламенттин) кезексиз шайлоосуна даярданышы керек экенин айтты. Буга чейин Венесуэлада кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылга пландаштырылган.

Улуттук Ассамблеянын азыркы спикери, 35 жаштагы саясатчы Хуан Гуайдо 23-январда миңдеген элдин алдында өзүн “убактылуу президент” деп жарыялаган.

2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликти колуна алган Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган.

АКШнын вице-президенти Майк Пенстин 1-февралда айтканына караганда, ушул күнгө чейин Гуайдону 20дай мамлекет президент катары тааныды.

Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан башка Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор кабыл алды. Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес 1-февралда “Мадуронун убакыт-сааты келип калды” деп билдирди.

Ошол эле кезде Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү негизги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери президент Николас Мадурону колдоп жатат. Мадуро Орусиянын "РИА Новости" агенттиги менен болгон маегинде президент Владимир Путин ага “ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканын” айткан.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасын издеген 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG