Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Президент: Корчубек Акназаров артынан жаман сөз ээрчиткен жок


3-февраль, 2019-жыл.
3-февраль, 2019-жыл.

"Корчубек Акназаровдун басып өткөн жолу мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге, жетекчилерге сабак болушу керек". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков "Корчубек Акназаров согуштан кийин кайсы гана кызматта иштебесин, артынан кыпындай да жаман сөз ээрчитпегенин" белгилеген.

- Ал элибиздин эсинде түбөлүккө калуучу унутулгус улуу иштерди жасап кетти. Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, кийинкилерге акыл-насаатын айтты. Мага да акыл-насааттарын айтып, мамлекетти башкаруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, батасын берген. Корчубек Акназаров нукура элдик, залкар адам болгон, - деди Жээнбеков.

Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, парламенттин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер катышты.

Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнө салды. Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Корчубек Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG