Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Калугадагы жол кырсыгынан төрт адам өлдү


Орусиянын Калуга облусунда 3-февралда болгон жол кырсыгынан төрт адам өлдү. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады.

Бүгүн, 3-февралда Калуга - Вязьма жолунда "МАН" үлгүсүндөгү автобус оодарылып кеткен. Анын ичиндеги 48 кишинин 33ү балдар болгон. Кырсыктан жалпы 32 адам жабыркаганы, анын көбү балдар экени айтылууда. Алар музыкалык сынакка бара жатышкан.

“Интерфакс” жеке булактарына таянып, жол тайгак болгондуктан айдоочу автобусту башкара албай калганын, жолго чыгардын алдында ал медициналык кароодон өткөнүн жазды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG