Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Аялга ыдык көрсөтүүгө каршы социалдык ролик тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аялга ыдык көрсөтүүгө каршы социалдык ролик тартылды. Анда ыдык көрсөтүү – бул адамдын эркине каршы жасалган, анын аң-сезимине жана денесине ыңгайсыздык жараткан кордоо жана тажатуу экени айтылат.

"Бул коркутуудан, опузалоодон, орой тамашадан же жагымсыз каттардан, телефон чалуулардан, кол салуудан жана башка ушуга окшогон кыймыл-аракеттерден билиниши мүмкүн" деген ой камтылган.

Социалдык роликке Жогорку Кеңештин депутаттары Рада Туманбаева, Элвира Сурабалдиева жана “Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова да тартылган.

Депутат Элвира Сурабалдиева былтыр парламенттин имаратынын лифтинде белгисиз эркектен ыдык көргөнүн билдирген. Өткөн жылдын аягында Бишкекте кардардын телефон номурун сактап алып, ага интим кызматын сунуштаган такси айдоочусу аныкталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG