Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Рим Папасы тарыхта алгачкы ирет араб жарым аралына баратат


Папанын келишине Дубайдагы даярдык

3-февраль күнү Рим Папасы Франциск Бириккен Араб Эмираттарына барып, араб жарым аралына кадам койгон алгачкы понтифик болмокчу. Анын 4-февраль күнү Каирдеги Аль-Азхар мечитинин имамы, шейх Ахмед аль-Тайиб менен бирге диний конференцияга катышуусу күтүлүүдө.

5-февралда Франциск 120 миң киши келет деп күтүлгөн сыйынууга да катышат. Эмираттарда азыр бир миллионго жакын католик бар. Алардын көбү Индия жана Филиппинден келишкендер.

Рим Папасы муну “эки диндин ортосундагы мамиледе жаңы барак” деп сыпаттады. Сунниттер башкарган араб өлкөсүнө чыгар астында ал Йемендеги кагылышып жаткан тараптарды ынтымакка чакырган. Бириккен Араб Эмираттары Сауд Арабия менен бирге Йемендеги кагылышта шийит мусулмандарга каршы сунниттерди колдоп келүүдө. (KKu)

XS
SM
MD
LG