Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Мадуро Венесуэлада жарандык согуш тутанышы ыктымал экенин эскертти


Николас Мадуро.
Николас Мадуро.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөгү азыркы саясий кризис жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Ал бул тууралуу испаниянын “laSexta” телеканалындагы маегинде билдирди. Жекшемби күнү чыккан интервьюсунда Мадуро “менин өкмөтүм Венесуэланын ички саясатына эч ким кийлигишпесин каалайт” деп, мамлекетти коргой турганын айтты.

Мунун алдында ал өлкөдө парламенттик шайлоону буга чейин белгиленгендей кийинки жылы эмес, быйыл өткөрүүнү сунуш кылган. Венесуэлада кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылга пландаштырылган.

Улуттук Ассамблеянын (парламент) азыркы спикери, 35 жаштагы саясатчы Хуан Гуайдо 23-январда миңдеген элдин алдында өзүн “убактылуу президент” деп жарыялаган.

2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликке келген Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-февралда айтканына караганда, ушул күнгө чейин Гуайдону 20дай мамлекет утурумдук президент катары тааныды.

Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан тышкары Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор кабыл алды. Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес 1-февралда “Мадуронун убакыт-сааты келип калды” деп билдирди.

Ошол эле кезде Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү негизги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери президент Николас Мадурону колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG