Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жакынкы күндөрү жолугат


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп. 12-июнь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп. 12-июнь, 2018-жыл.

АКШнын жана Түндүк Кореянын жогорку кызмат адамдары эки өлкөнүн лидерлеринин экинчи саммитине даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери менен качан жана кайсы жерде жолугарын ушул жумада жарыялай турганын айткан. “Голос Америки” үналгысы жолугушуу февраль айынын аяк ченинде болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Сингапурда 2018-жылдын 12-июнунда тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын башчыларынын саммити өткөн. Жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Пхеньян өзөктүк куралдан арылууга даяр экенин билдирсе, АКШ жооп катары коопсуздукка кепилдик берген.

Буга чейин январдын ортосунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну жактай турганын Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде жолуккан учурда да билдирген. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен экинчи жолугушууда колдон келишинче ошол максатты ишке ашырууга аракет кыла турганын айткан.

XS
SM
MD
LG