Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Сапар Исаковдун адвокаты Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону сунуш кылды


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбековду Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды.

Бул тууралуу "Фейсбуктагы" барагына жазган адвокат Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

Ошондой эле адвокат тийиштүү комитеттердин төрагалары жана жооптуу кишилеринин да айыбы бар экенин кошумчалап, депутаттар Каныбек Иманалиевдин, Курманбек Дыйканбаевдин жана Кожобек Рыспаевдин аттарын атады. Токтакунов алардын жоопкерчилигин Кылмыш-жаза кодексиндеги "Шалаакылык" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелеринин негизинде караш керек экенин айтты.

Аты аталган депутаттар азырынча буга комментарий бере элек.

Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка он чакты аткаминер ЖЭБди модернизациялоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр кармалышкан. Алар өздөрүнө шалаакылык, жемкорлук боюнча коюлган айыптарды моюнга албай келишүүдө.

386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, эл бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG