Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында айыл чарба багытындагы 17,1 гектар жер тилкеси “калктуу конуштар” категориясына которулду. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, бул айдоо аянты жер титирөөдөн жана жер көчкүлөрдөн жабыр тарткандарга турак жай куруп бериш үчүн пайдаланылат.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү өзгөртүүлөргө ылайык, жер каттоо документтерин даярдоо жана курулуш иштерин алып баруу боюнча милдеттер коюлду.
2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ErN)