Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

Жекшенкулов: Орусиянын экинчи базасын ачуу боюнча билдирүү бурмаланып жатат


Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстанда Орусиянын экинчи базасын ачуу боюнча жаңылыш талкуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, экинчи базага байланыштуу орусиялык маалымат каражаттарында чыккан анын маегин туура эмес чечмелеп, тетири мааниге буруу аракеттери болуп жатат.

- Мен социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында билдирүүмдү талкууга алып, тетири жакка бургандарга ошол маекте айтылгандарды жакшылап окусун деп кеңеш берет элем. Ал жерде эки өлкөнүн президенттери ушул маселени талкуулашы мүмкүн экендиги айтылган. Ошол эле. Эми бүгүн Ооганстанда абал курчуп баратканын билесиңер. Биздин түштүк аймактар Ооганстанга жакын эмеспи, ал жакта коопсуздук чараларын камсыз кылуу иретинде талкуу болушу мүмкүн. Балким талкуулабай калышы да мүмкүн. Башка сөз жок. Конкреттүү сөз жок, - деди Жекшенкулов.

Ошондой эле Жекшенкулов анын билдирүүлөрүн "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленин бекемделишине умтулбаган тараптар бурмалап жатат" деген пикирин кошумчалап, алар кимдер экенин ачык айткан жок.

- Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленин бекемделишине кызыкчылыгы жок ички жана сырткы күчтөр ушул маселени атайын козутуп, эл арасында туура эмес маанай түзүп жатышат. Орусия менен мамиледе эң биринчи Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргогон саясат жүргүзүлөт. Президент мага ошондой тапшырма койгон жана мен анын үстүндө иштеп жатам, - деди Аликбек Жекшенкулов.

Ал эми "Бул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгонбу?" деген “Азаттыктын” суроосуна элчи “андай нерселер айтылбайт” деп жооп берди.

Буга чейин өткөн айда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин суроолоруна жооп берип, расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген. Анда элчи бул маселе орус президент Владимир Путин март айында Бишкекке келгенде талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Учурда Орусиянын аскер базасы Кант шаарында жайгашкан. Ал 2003-жылдан бери иштеп келатат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (38)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG