Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:25

Москвада метрого кулаган кыргызстандык өспүрүм каза болду


Москва шаарынын метросу. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаарынын метросу. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарындагы метродо кулап түшкөн кыргызстандык 16 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” коомунун өкүлү Улан Кошматов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, өспүрүм Жалал-Абад облусунун Сузак районунан экени такталды. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүш үчүн жардам акциясы өтүп жатат.

Орусиялык басылмалар 1-февралда Москва шаарынын “Сходненская” станциясында өспүрүм бала метрого кулап кеткенин жазган. Ал кыргызстандык экени кабарланып жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG