Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Лавров: Кыргызстанда экинчи база ачуу - биздин демилгебиз эмес


Сергей Лавров жана Сооронбай Жээнбеков.
Сергей Лавров жана Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын аймагында экинчи аскер базасын ачуу - Орусиянын демилгеси эмес. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз-Орус (Славян) университетиндеги жолугушуу учурунда билдирди. Ал Кыргызстанда экинчи базаны ачуу боюнча суроого жооп берип жатып, мындай демилге жөнүндө биринчи жолу укканын айтты.

- Бул биздин демилге эмес. Ошондуктан биз ал жөнүндө биринчи жолу уктук. Кыргызстандык досторубуз менен аларда түзүлүп жаткан идеяларды талкуулаганга даярбыз, - деди Лавров.

Буга чейин өткөн айда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген. Анда элчи бул маселе орус президенти Владимир Путин март айында Бишкекке келгенде талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Бул демилге боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда талкуулар жаралган. Жекшенкулов бүгүн база боюнча анын сөздөрүн айрым күчтөр бурмалып жатышканын айткан эле.

Кыргызстанда азыр Орусиянын бирдиктүү аскер базасы бар. Анын курамына Канттагы аскердик аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт жана Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү кирет. (BkA)

XS
SM
MD
LG