Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Тасним Ататра өсмө (рак) илдетинин алдын алыш үчүн өкмөт улуттук стратегия иштеп чыгышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте 4-февралда Өсмөгө каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган жыйында айтты.
- Бейтаптарга дарылануу акысын жүктөп койбой, өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, биздин эл аралык уюмдар чогуу улуттук стратегия иштеп чыгышы керек. Коомчулукка оору тууралуу кеңири маалымат таркатып, дартка чалдыккандардын дарылануу жолдорун, оорудан айыкса болорун түшүндүрүү абзел, - деди Ататра.
Кыргызстанда өсмө оорусу менен расмий катталгандар 25 500дөн ашат.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, бюджеттен бул ооруга каршы жылына 17,5 миллион сом бөлүнөт. Бул сумма ар бир оорулууга 20 миң сомдон туш келет. Ал бир ирет химия терапия алганга жетет. (BCh)