Жекшембиде Орусиянын бир катар шаарларында “таштанды реформасына” каршы нааразылык акциялары өттү. Жаңы реформага ылайык ар бир облуста же шаарда таштандыны тазалаган жана аны кайра иштеткен бир гана кызмат калышы керек. Ал кызматка таштандыны үйлөрдөн алып кетүүдөн баштап, атайын полигондорго жеткирип, кайра иштетүүгө чейинки милдет тагылган. Бирок бул үчүн калктан акча чогултулат. 1-январдан тартып орусиялыктар таштанды кызматына акча төлөй башташты.
Каршылык акциялары Москва, Санкт-Петербург баштаган он чакты шаарда өттү. Эң ири демонстрация Архангелск облусунда болду. Ал жерде тургундар "Шиес" деген таштанды полигонунун курулушуна каршы чыгышты. Ал полигонго бардык аймактардан, анын ичинде Москвадан да таштанды ташылып келери айтылып жатат.
Соңку жылдары Орусияда таштанды төгүүчү жайлар жана аны кайра иштетүү маселеси чоң маселеге айланды. Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда таштанды төгүүчү жайларда 30 млрд. тоннадай акыр-чикир бар. Алар кеминде төрт миллион гектар жерди ээлеп жатат.