Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Африкада орус моряктары 10 тонна кокаин менен кармалды


Кабо-Верденин полициясы кармаган кемеде табылган кокаин. Видеодон тартылган сүрөт.
Кабо-Верденин полициясы кармаган кемеде табылган кокаин. Видеодон тартылган сүрөт.

Батыш Африкадагы Кабо-Верде мамлекетинде кемеге тогуз жарым тонна кокаин салып бараткан орусиялык 11 моряк камакка алынды.

Бул өлкөдөгү Орусиянын элчилиги тергөө маалында моряктар Прая шаарындагы түрмөдө отурарын билдирди. Аларга азырынча расмий айып коююла элек, бирок баңгизат аткезчилиги боюнча шек саналып жатат.

31-январда Кабо-Верденин полициясы орусиялык 11 морякты кармаган. Алар Панаманын желеги илинген жүк ташуучу кеме менен Мароккого баратышкан.

Кеме экипаждын бир мүчөсү кайтыш болгондугуна байланыштуу Праянын портуна келип токтоого мажбур болгон. Маркумдун сөөгүн көргөнү келген полиция кеменин бортунан тонналаган кокаин тапкан.

XS
SM
MD
LG