Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Тышкы иштер министри: Бишкек менен Бээжиндин алакасы бузулбайт


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстанда кытайлык мыйзамсыз мигранттарга каршы маанай Бишкек менен Бээжиндин алакасына залака тийгизбейт. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 4-февралда Бишкекте басма сөз жыйынында ушул тууралуу берилген суроого жооп берип жатып ушундай пикирин айтты.

Министр Кытай Кыргызстанга дайыма жардам берип келгенин, коңшу өлкөнүн көмөгүн Бишкек жакшы баалай турганын билдирди. Ал Кытайга каршы маанай чагымчыл күчтөр тарабынан уюштурулганын, жеке мүнөзгө ээ экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамилесине таасир тийгизбей турганын белгиледи:

- Кытай - бул дүйнөдөгү ири экономиканын бири. Кытай - биздин ак ниет кошунабыз. Кытай бул - чоң товар айлануу, Кытай - бул кыргыз экономикасы үчүн чоң инвестиция. Кытай - бул ири инфраструктуралык биргелешкен долбоорлор. Мунун баары туруктуу өнүгүүгө, жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Андыктан чагымга алдырбаш керек. Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси динамикалуу өнүгүп жатат.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Ушундай эле митинг 7-январда болгон. Буга Кытайда уйгур, кыргыз, казак өңдүү улуттардын өкүлдөрү саясий кысымга кабылып жатканы тууралуу тараган кабарлар себеп болгону айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG