Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Депутаттар коомдук жайларда чылым чегүүнү толук тыюуну сунуш кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда турак жайлардан тышкары коомдук жайларда, мекемелердин имараттарынын ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева мыйзамдын максатын кыскача түшүндүрдү.

- Азыр иштеп жаткан мыйзамда кеңселерде, коомдук тамактануучу жайларда тамеки тартуучу жери болсо, чылым чегүүгө уруксат берилет. Биздин мыйзам долбоорубузда мунун баарына 100 пайыз тыюу салынат. Мисалы, азыркы мыйзамдарда кафелер менен ресторандарда атайын жерди бөлүп коюп тамеки тартса болот, - деди Алтыбаева.

Документте тамекини жарнамалоону тескөө чаралары да каралган. Маселен, чылымдын кутучалары ар кандай өң-түстө эмес, кандай гана ишкана болбосун кутуча бир гана түстө болушу керек.

Айнуру Алтыбаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда жыл сайын жашы 30дан өткөн алты миңдей киши тамеки чегүүдөн улам пайда болгон оорулардан көз жумарын билдирди.

Мыйзамда ошондой эле үй шартында жасалган, талапка жооп бербеген насвайларды сатууга да тыюу салуу каралган.

1-январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекс боюнча билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттыкты сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет.

Китепканалар, көргөзмө залдары, аудиториялар, чоң жана маршруттук автобустар, такси, учактар, кемелер, поезддер, лифттер, калкты тейлөө жайлары, үйлөрдүн кире бериши, жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттар, чылым тартууга атайын бөлмөсү жок коомдук тамактануучу жайлар да тамеки тартууга тыюу салынган жерлердин тизмесине кирген.

Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1 миң сом, мекемелерге 5 миң сом айыппул салынат. (BTo)

XS
SM
MD
LG