Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Сомалинин борборунда жардырууда 11 киши мерт болду


Могадишодогу жардырууда жабыркаган машине. 9-ноябрь, 2018-жыл.
Могадишодогу жардырууда жабыркаган машине. 9-ноябрь, 2018-жыл.

4-февралда Сомалинин баш калаасы Могадишо шаарында машине жарылып, кеминде 11 киши курман болгонун өлкөнүн бийлиги билдирди.

Могадишодогу чоң дүкөндүн машине токтоочу жайындагы кол салууну “Аль-Каида” экстремисттик тобу менен байланышы бар “Аль-Шабаб” уюму өз мойнуна алды. Расмий бийлик кол салууга жанкечти аралашканбы же жокпу, ал тууралуу дароо маалымат бере алган жок.

Полициянын офицери “жардырууда 11 бейкүнөө адам каза тапканын” ырастады. 15тен ашуун адам жарадар болуп, ооруканаларга түшкөнүн полициянын башка бир офицери билдирди.

"Аль-Шабаб" террордук тобу Сомалиде фундаменталисттик идеяга негизделген мамлекет курууну максат кылат. Алар өкмөттүк мекемелерге, мейманкана, ресторанга кол салып, өлкөдө дүрбөлөң салып турат.

XS
SM
MD
LG