Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Рим Папасы Жакынкы Чыгышта менен Түндүк Африкадагы согушту токтотууга чакырды


Папа Франциск. 24-декабрь, 2018-жыл.
Папа Франциск. 24-декабрь, 2018-жыл.

Рим Папасы Франциск дүйнө лидерлерин Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы согушту токтотууга чакырды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.

- Согуш жапа чегүүдөн, курал өлүмдөн башка эч нерсе алып келбейт. Мен Йемен, Сирия, Ирак жана Ливия тууралуу айтып жатам, - деди Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги менен жолуккандан кийинки билдирүүсүндө Рим Папасы.

Рим Папасы Франциск Бириккен Араб Эмираттарына барып, араб жарым аралына кадам койгон алгачкы понтифик болуп калды. Эмираттарда азыр бир миллионго жакын католик бар. Алардын көбү Индия менен Филиппинден келгендер.

Рим Папасы Бириккен Араб Эмираттарына барарда бул сапарын “эки диндин ортосундагы мамиленин жаңы барагы” деп сыпаттаган. Бириккен Араб Эмираттары Сауд Арабиясы менен бирге Йемендеги кагылышта шиит мусулмандарга каршы сунниттерди колдоп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG