Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери өлгөн адамдын аты менен паспорт жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Алгач, 1990-жылы туулган (К.у.Т), каза болуп калгандардын тизмесинде катталган жарандын мамлекеттик чек арадан бир нече жолу кирип-чыкканы такталган. Акыркы жолу, 2018-жылдын 31-декабрында “Чалдовар-Автожол” өткөрмө бекетинен маркумдун документин пайдаланып өтүүгө аракет кылган учурда 26 жаштагы жаран (А.И.) чек арачылар тарабынан кармалган. Ал бул паспортту 2015-жылдан бери колдонуп келгенин мойнуна алган.
Тергөө учурунда жогоруда аталган паспорт бөлүмүнүн кызматкерлери бул жалпы жарандык паспортту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасаганы аныкталган. Тиешелүү кызматкерлерге жана маркумдун паспортун көтөрүп жүргөн жаранга карата тергөөнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө уланууда. (ErN)