Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Жер казынасы боюнча комитеттин жетекчиси сөгүш алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө буга Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз болуп жаткан комитеттин жетекчилигине карата айтылган сын негиз болгону белгиленет.

Өкмөттүн кен байлыктарды иштетүү маселелери боюнча атайын кеңешмесинде Абылгазиев өзү да бул комитеттин ишин сынга алды.

«Тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекет кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга мекеменин жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер да күнөөлүү. Жеке максаттарын көздөп ачык саботажга чейин жетишүүдө. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектиде иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону, пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун жана экологиялык жана техникалык талаптарга дал келишин карап чыгууну тапшыргам. Мисалы, кен объектилерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткара алган жоксуңар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өлкөнүн байлыгын элдин жана өлкө экономикасынын кызыкчылыгында пайдаланыш үчүн иштин жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө кылдат мамиле кылууга чакырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG