Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:22

Ооруканада ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөө сунушталууда


СПИДге каршы күрөштүн символу - кызыл тасма.
СПИДге каршы күрөштүн символу - кызыл тасма.

Ооруканада дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөп берүү боюнча демилге көтөрүлдү. Бул багытта мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү сунушталып, коомдук талкууга чыкты.

Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" билдиргендей, ВИЧ жуккандарга 100 миң сомдон кем эмес акча төлөп берүү каралууда. Буга жалпысынан 35 млн. сом керек. Эл өкүлү бул каражатты президенттин, премьер-министрдин жана парламент төрагасынын фондунан алууну сунуш кылып жатат. Буга чейин бир да жаранга мамлекеттен кенемте төлөнгөн эмес.

2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жараны, арасында 645 бала бар. Анын теңинен көбүнө 2007-2008-жылдары ооруканада илдет жугуп калган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы боюнча, ооруканада балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси ("ВИЧ инфекциясын жуктуруу") боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, Жогорку сотко чейин жеткен.

Териштирүү иши беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Анын эки айын тергөө абагында өткөрүшкөн.

ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД.(KE\SE)

СПИДге каршы күрөштүн символу - кызыл тасма.

XS
SM
MD
LG