Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Таласта интернатта күйүп кеткен балдар эскерилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында 1969-жылы өрттө каза тапкан балдар эскерилди. “Азаттыкка” аталган райондун акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, ошол кездеги мектеп окуучуларынын өмүрү кыйылган кайгылуу окуяга быйыл 50 жыл болду. Эскерүү 4-февралда болду.

Алыскы аймактагы малчылардын балдары окуган Киров мектеп-интернаты 1969-жылдын кышында күйүп кеткен. Ызгардуу сууктан улам куткаруу иштери да узакка созулуп, натыйжада 39 баланын сөөгү табылган. Айрым маалыматтарда өлгөндөр кырктан көп экени айтылат.

Каргашага кайдыгерлик себеп болгону аныкталган. Окуядан аман калгандардын демилгеси менен өткөрүлгөн «Интернат 1969» аттуу иш-чаранын алкагында каза тапкандарга эстелик орнотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. (AlS)

XS
SM
MD
LG