Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) террордук уюмдун эки мүчөсү кармалганын билдирди. 5-февралда таратылган расмий маалыматка ылайык, анын бири кыргызстандык, экинчиси Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны.
Шектүүлөр экстремисттик идеялар камтылган материалдарды Интернет аркылуу таратып, террордук мүнөздөгү оор кылмыштарды жасаганы айтылууда. Прокуратура кылмыш ишин козгоп, алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.
Кыргызстандын аймагында 21 диний уюм террордук жана экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.