Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет


Турдакун Усубалиев.
Турдакун Усубалиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

4-февралда расмий жарыяланган жарлыктын максаты — Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш-чараны эң жогорку деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы бологон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак шумкар" өзгөчө белгисинин, "Манас", "Ленин", "Эмгек кызыл туу" жана башка ордендерин алган.

XS
SM
MD
LG