Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

"Манас" аэропортуна "бомба коюлганы" кабарланды


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна "бомба коюлганы" тууралуу маалыматтан улам аба майданында издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, "жардыргыч зат коюлганы" жөнүндө 5-февралда саат 15:09дө маалымат түшкөн. Аэропортто УКМК менен милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда кай бир мекемеге, соода борборлоруна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, коркутуу өңүтүндө жалган маалымат тараткандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат жана айыппул салынат.

XS
SM
MD
LG