Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

ТИМ: Кыргыз-кытай темир жолун салууга Орусия көмөктөшөт (видео)


"Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезди. Иллюстрациялык сүрөт.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезди. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу маселесинде Кыргызстанга Орусия көмөктөшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Уланбек Тотуяев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын тиешелүү мекемеси темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жардамдашууда.

- 2018-жылдын аягында «Орусия темир жолдору» ААКнын башкы директору Олег Белозеров Кыргызстанга келип кеткенин билесиздер. Ал биздин президент менен жолукту, тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен жолукту. Алар негизинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин (ПТЕО) талкуулашты. Бүгүнкү күндө Орусия тарап аталган документти даярдап жатат. Буюрса февраль-март айларында ал документтер бизге келет. Анын баары жөнүндө биздин тиешелүү мекемелер айтып беришет, - деди ал.

Тотуяев аталган темир жол башка бир нече өлкөлөр аркылуу өтөрүн эске салып, ошого байланыштуу Орусиянын тиешелүү мекемелери консультант катары өтүп жатканын билдирди.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен орток пикир табылбай жүрөт. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду салууга 6-6,5 млрд. доллар кетет. Буга байланыштуу маселе былтыр Бээжинде, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында да көтөрүлгөн.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация Бээжинде Кытай темир жол куруу корпорациясынын жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG