Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

УКМК: "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тастыкталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына "Манас" аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. Бул маалыматты текшериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, аэровокзалды, учактарды жана башка бардык имараттарды текшерүү учурунда эч кандай жардыруучу түзмөк табылган жок.

- Баштапкы маалыматтар боюнча билдирүү чет өлкөдөн келген. Ошол эле билдирүү саат 18:46да "Ош аэропортунда жардыруучу түзмөк бар" деп кайра жиберилген. Ушундан улам биздин кызматкерлер Ош аэропортун жана башка стратегиялык маанилүү обьектилерди текшерип жатышат, - деди ал.

"Ош аэропортунда жардыруучу түзмөк бар" деген маалымат келип түшкөнүнө байланыштуу аталган аба майданында жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланып, текшерүү иштери уланууда.

Ал эми "Манас" аэропорту кадимки калыбында иштеп жатат. УКМК жалган маалымат тараткан адамдарды табуу боюнча иш жүргүзүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG