Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Шойгу: Орусия 2021-жылга чейин ракеталарын өркүндөтөт


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 15-январь, 2019-жыл.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 15-январь, 2019-жыл.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва 2021-жылга чейин эки ракеталык системаны өркүндөтөрүн билдирди. Бул Вашингтондун кыска жана орто аралыкка учкан өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн макулдашуудан чыгып жатканына Москванын жообу катары кабылданып жатат.

1-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон алты айда макулдашуудан чыга баштай турганын билдирген.

2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва да келишимден чыгарын белгилеп, алар жаңы үлгүдөгү куралды өнүктүрүүнүн үстүндө иштерин айткан.

5-февралдагы жыйында Шойгу Орусия алдыдагы эки жылда эки ракеталык системаны өркүндөтөрүн айтты.

«2-февралдан баштап Кошмо Штаттар келишимдеги милдеттенмелерин токтотту, – деди Шойгу. - Ошол эле маалда алар [АКШ] 500 чакырымдан алыс учкан ракетаны жасоонун үстүндө ургаалдуу иштеп жатышат, бул келишимдин шартын бузат»​.

Коргоо министринин айтымында, 2020-2021-жылдары Орусия «Калибр» деп аталган системанын алыскы аралыкка уча турган канаттуу ракетасын чыгарууну максат кылат.

5-февралда АКШнын куралсыздануу маселелери боюнча элчиси Роберт Вуд Женевада өтүп жаткан конференцияда «Орусия келишимдин аткарылышы боюнча толук ачык-айкындыкты камсыз кылса» Кошмо Штаттар келишимден чыгууну караштырарын айтты.

АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча макулдашууга 1987-жылы кол коюшкан.

Былтыр октябрда АКШ президенти Дональд Трамп «Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат» деген негизде келишимден баш тартуу ниетин жарыялаган.

Москва «келишимдеги милдеттерин аткарбай жатат» деген сынга макул эмес.

СССР менен АКШнын ортосунда кол коюлган документ орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салат. Ал аралык 500-550 чакырым деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG