Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Ош шаарынын жаңы бюджетинде билим берүүгө артыкчылык берилет


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 млрд. 127 млн. 634 миң сом. Мунун ичинен билим берүү тармагына 378,6 млн. сом бөлүнөт. Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына 120 млн. 300 миң сом, жолдор башкармалыгына 83 млн. сом каралган.

Мындан тышкары, маданият жана спорт тармагын каржылоого 74 млн. 762 миң сом бөлүнгөнү турат. Анын ичинде “Алай” футбол клубуна 19 млн. 500 миң, “Сулайман-Тоо” волейбол клубуна 3 млн. 900 миң сом каралган. Волейбол клубун ачуу боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилге көтөрүп, шаардык кеңеш аны колдоп берген. Бул маалымат 5-февралда бюджет долбоорунун коомдук талкуусунда айтылды.

Жыйынга Ош шаардык кеңешинен, мэриядан, жарандык коомдон өкүлдөр, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардын тургундары катышты.
Бюджет ушул ай ичинде Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилет. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов бюджет максаттуу иштетилип, шаардагы маселелерди чечүүгө басым жасаларын билдирген. (MdN)

XS
SM
MD
LG