Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Трамп: АКШ тышкы саясатта биринчи кезекте өз кызыкчылыгын коргойт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Америка Кошмо Штаттары тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыктарын коргоого умтулат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп ушу тапта Конгресске кайрылуусунда билдирди.

Ошону менен катар ал азыркы президенттик администрация бюрократияны тез арада азайта алган мекеме болгонун белгилеп, "65 жылда биринчи жолу АКШ энергетиканын экспортеру болду" деп билдирди.

Трамптын айтымында, азыр АКШда "экономикалык керемет" өкүм сүрүүдө.

Ушул тапта Конгресстеги демократтар менен Ак үйдүн саясий кармашы күчөп турат.

Трамптын Конгресттин биргелешкен жыйынындагы бул кайрылуусу өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон АКШнын тарыхындагы эң узак “шатдаундан" кийинки учурга туш келди. (RK)

XS
SM
MD
LG