Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Трамп: Түштүк чек арага бетон дубал эмес, "болот чеп" орнотулат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги биргелешкен жыйындагы кайрылуусунда билдирди:

- Мурда бул залдагылардын көпчүлүгү түштүк чек арага дубал курууга макулдугун беришкен. Бирок аны курууга акча бөлүнгөн эмес. Мен ал дубалды тургузам. Бул бетондон тургузулган дубал эле эмес, терең ойлонулуп жасалган болот чеп болот. Дубал тургузулгандан кийин мыйзамсыз миграция токтогонун чек арачылар сиздерге айтышат. Убагында мыйзамсыз миграция күч алганда да ага каршы Техаста дубал тургузулган. Натыйжада мыйзамсыздык дээрлик токтогон. Техастагы Эл-Пасо шаары ага чейин эң кылмыштуу болуп эсептелсе, учурда эң коопсуз шаарлардын бири.

Трамп мыйзамсыз миграцияны токтотуу аракетинде өлкөнүн түштүк чек арасына курулуучу дубал үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.

Трамп бүгүнкү кайрылуусунда өзүнүн президенттик кызматындагы эки жылдык аралыкта өлкөдө жетишилген ийгиликтер тууралуу да айтып кетти. Ал Конгресске былтыркы шайлоодо аялдар көп шайланып келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, былтыр жаңы түзүлгөн иш орундарынын 58% аялдар ээлеген.

АКШнын Конституциясына ылайык, өлкө президенти жыл сайын Конгресстин алдында элге кайрылат.

XS
SM
MD
LG