Сирия менен Ирактагы террордук топторго кошулуп кеткен, адашып "торго түшкөн" кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү, мекенине алып келүү иштеринде кыйынчылыктар бар. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) "Азаттыкка" бул тууралуу кат түрүндө берген жообуна ылайык, буга Кыргызстандын Сирияда элчилигинин жоктугу себеп болуп жатат.
ИИМ бул маселеде Түриядагы жана Кувейттеги элчиликтер менен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шериктештик байланыштары аркылуу чара көрүүдө. Бирок чектелүү жана өзгөчө мүнөздөгү маалыматтар толук берилбей турганы белгиленген.
Буга чейинки расмий билдирүүлөргө ылайык Ирак менен Сириядагы жоочулардын тобуна кошулуп кеткен, азгырылып барып калган кыргызстандыктардын саны 500дөн 800гө жетет, жүздөн ашууну ошол жерде мерт болгон. Январда Сириядагы күрт лагерлеринде отурган кыргызстандык кыз-келиндер бийликке кайрылып, аларды алып кетүүнү суранышкан. (SE)
Пикирлерди көрүңүз (7)
дагы пикирлерди жүктөө