Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

«"WhatsApp" аркылуу улуттук кастыкты козутту» деп айыпталган жаран жазаланды


Баткендин Лейлек районунда «WhatsApp» мессенжеринде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айыпталган 30 жаштагы жаран төрт жылга камалды.

Облустук соттун басма сөз катчысы Аскарбек Баймуратов 6-февралда «Азаттыкка» билдиргендей, Исфана шаарынын тургуну 100дөй киши катталган «Эркектер» аттуу тайпага 2018-жылдын 20-октябрында эки улут өкүлдөрү чырдашканы тартылган видеону бөлүшкөн. Ошондой эле азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүн жок кылуу мүнөзүндө пикирлерди жазган. Быйыл 30-январда Лейлек райондук соту аны күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты.

Айыпталуучунун жактоочусу Акылбек Өсөровдун айтымында, ошол эле күнү айыпталуучуну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү алып кетишкен. Жактоочу ал жаран соцтармактарда мурда чыккан видеону бөлүшкөнүн, жаңы тасма таратпаганын билдирди. Учурда кийинки инстанцияга апелляциялык арыз даярдалууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG