Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Алматыда Дамирбек Асылбек уулу баштаган адамдардын соту уланды


Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандардын соту.
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандардын соту.

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун Алматы шаарында 6-февралда уланган сот процессинде жашыруун тартылып алынган видеолор, аларды колго түшүрүү операциясынан тартылган тасма көрсөтүлдү. Бул тууралуу отурумга катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы билдирди.

Видеолорду көрсөтүүнү шектүүлөрдүн адвокаттары өтүнүшкөн. Алар видеодо кармалган дагы бир кыргызстандык Улан Мурадиловдун акча албаганын, аны Кайрат аттуу атайын агент таштап кеткенин, ушундан улам “пара алды” деген доомат негизделбегенин айтып жатышат.

Дамирбек Асылбек уулунун сотунда далил катары видео-аудио тасмалар каралып жатат. Түштөн кийинки отурумда адвокаттар, айыпталуучулар сөз сүйлөшөт.

Буга чейин аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылган. Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан. (ErN\EBM)

XS
SM
MD
LG