Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Македония НАТО менен “тарыхый” келишимге кол коёт


Македониянын премьер-министри Зоран Заев НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен.
Македониянын премьер-министри Зоран Заев НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен.

НАТОго кирген 29 мамлекет Македония менен Грекиянын ортосундагы алакалар бир нукка түшкөн соң бул өлкө менен тарыхый келишимге жетишүүнүн алдында турат.

Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров Брюсселдеги салтанаттуу иш-чарага катышып, 29 мүчө мамлекеттин өкүлдөрү менен келишимге кол коёт. Бул тууралуу Түндүк-Атлантикалык Альянстын Интернеттеги сайтында жарыяланды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул келишим Македонияны НАТОнун 30-мүчөсү кылып кабыл алуудагы маанилүү документ экенин өткөн аптада айткан.

2-февралда Столтенберг “Твиттер” баракчасына “6-февралда биз тарыхты жазабыз” деп жазган.

Македония менен Греция былтыр келишимге келип, македондор өз өлкөсүнүн аталышын Түндүк Македония Республикасы деп өзгөрткөн.

25-январда Грекиянын парламенти кошуна Македония менен мамилелерди жакшыртууга багытталган тарыхый келишимди жактырды.

Былтыр жайында кол коюлган келишим Македонияны НАТОго жана Европа Биримдигине кошулуу максатына жакындатмакчы.

XS
SM
MD
LG