Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Базар-Коргон районунда өрттөн улам бир адам каза болду


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өрттөн улам 21 жаштагы тургун көз жумду. 13-14 жаштагы эки өспүрүм күйүк алып, ооруканага түштү. Окуя 5-февралда Чарбак айылында болгон.

Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, күндүз балдар үй ичиндеги күйүүчү май сактаган кампада бензин алып жаткан кезде өрт чыккан. Буга коопсуздук эрежелери сакталбаганы негиз болгон. Жабыркагандарды жергиликтүүлөр куткарып, ооруканага алып барышкан. Алардын абалы туруктуу. (RsK)

XS
SM
MD
LG