Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Президент жетишсиз райондордо мектеп куруларын айтты


Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мектептердин биринде. 6-февраль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мектептердин биринде. 6-февраль, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

№12 мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплектиленген мектептердин абалы боюнча маалымат берди.

Маалыматты уккан соң президент айрым мектептер 40 пайызга гана комплекттелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплектилөө 300 пайызга чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Мектеп директорлору окуу класстары ашыкча экенин жана кошумча окуу корпустары жетишпей турганын айтышты.

Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп кыйынчылык жаратканын, ошондуктан бул аймактардагы мектептерде окуучулар өтө көп болуп жатканын белгиледи.

- Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырылган. Талдоо жүргүзүлдү. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат, - деди ал.

Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрүп, окуучулар менен маектешти. Ага география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары кандай өтөөрү көрсөтүлдү. Окуучулар президент үчүн ооз комуз чертип, ага гимнастика, бий сабактарын көрсөтүштү. (ErN)

XS
SM
MD
LG