Дин кызматкерлери эл арасында кургак учук илдети тууралуу маалымат таратышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” USAID агенттигинин «Кургак учукту жеңебиз!» долбоору кабарлады.
Улуттук фтизиатрия борбору, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ортосунда кабыл алынган меморандумга ылайык, бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Атайын окуудан өткөн дин кызматкерлери кургак учуктун белгилери, жугуу жолдору, амбулатордук шартта дарылоонун артыкчылыктары тууралуу расмий медицинага негизделген маалыматтарды жайылтышат. Түшүндүрүү иштеринин негизги багыттарынын бири кургак учукка чалдыккан бейтаптарды кордоонун жана басынтуунун алдын алуу болуп эсептелет.
2016-жылдан бери Кыргызстанда «Кургак учукту жеңебиз!» долбоорунун алкагында 327 имам атайын окуудан өттү.
«Кургак учукка каршы күрөшүүдө жарандык коом менен кызматташтыкты бекемдөө» багыты өкмөттүн 2017-2021-жылдарга “Кургак учук - V” программасында өзүнчө пункт болуп жазылган. Бул программа Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кургак учукту 2035-жылга таптакыр жоюу максатын ишке ашырыш үчүн кабыл алынган.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)