Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Прокуратура Зайналиев боюнча кайра сотко кайрылды


Ашым (Хашим) Зайналиев.
Ашым (Хашим) Зайналиев.

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу, медициналык дарылоо жүргүзүшүнө тыю салуу жана лицензияланбаган дармектерди колдонушуна чек кою өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда прокуратуранын доо арызы Октябрь райондук сотунда каралууда. Прокуратура өз аракетин саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегени жана ага карата буга чейин козголгон кылмыш иши менен түшүндүрөт.

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдын 5-15-беренелерине ылайык, Кыргызстандын аймагында медициналык жана дарылоо ишин жүргүзгөн физикалык жана юридикалык тараптар тиешелүү мамлекеттик орган берген лицензиясы менен гана иш алып барышы керек” деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ашым Зайналиев "2016-жылы бирөөдөн алдап акча алган" деген күнөө менен былтыр 22-декабрда кармалып, тергөө бүткөнгө чейин камалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган.

Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин Ашым (Хашим) Зайналиевге карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

Табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан кишилер бар экенин айтып жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG