Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы өлкөдө жасалма уруктандырууга жол берген «Жарандардын репродуктивдик саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.
Өзбек маалымат каражаттары билдиргендей, мыйзам кабыл алынса, Өзбекстанда балалуу болуунун чет өлкөлөрдөгү алдыңкы технологияларын колдонууга, жасалма уруктандырууну ишке ашырууга жана cапаттуу урук клеткасын тандоого мүмкүнчүлүк берилет.
Документте бул тармакта мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелердин өнөктөштүгүнө, менчик медициналык жайларды түзүүгө, өнүктүрүүгө көңүл бурулат.
Эми мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын кароосуна жиберилет. Андан өтсө, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда медициналык мекемелерде жасалма уруктандырууга жол берилбейт. Андыктан мындай ыкмага муктаж аялдар Түркияга, Орусияга, Израилге жана башка өлкөлөргө барышат.
Дүйнөдө балалуу боло албаган түгөйлөр 10-15% түзөт. Өзбекстанда төрөт курагындагы балалуу боло албаган аялдардын саны орто эсеп менен 5% экени айтылат.