Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери боюнча маалыматтарын тапшырышы керек. Ошондой эле жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет бериши зарыл.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же sti.gov.kg сайтынан алууга болот. (ErN)