ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын түштүк аймагында өткөргөн операциясында 100 килограммдан ашык сымапты алып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кармалгандар 63 (М.Р.) жана 41 (Х.Ш) жаштагы жарандар экени такталды.
Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды тактоо иштери жүрүүдө. Уулуу затты пайдалануу максаттары боюнча тергөө иштери уланып жатат. (ErN)